Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, кол өнөрчү Майрамкүл Сакыева жардам иретинде райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө компьютер алып бергендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, М.Сакыева болгону өз алдынча кол өнөрчүлүк менен гана алектенет. Ал буга чейин дагы хирургия бөлүмүнө компьютер, шейшеп, идиш-аяк жана башка ушул сыяктуу керектүү жабдууларды өз чөнтөгүнөн алып берип жүргөн. Кечээ, 13-март күнү кайрадан аталган бөлүмдүн жетекчиси, хирург Кубан Карагуловго 1 компьютер тапшырып, ак халатчандарды кубантты. Анткени, Амйактык ооруканада компьюетр жабдыктары жетишсиз болуп келүүдө. Ошондой эле жакынкы күндөрү соматика бөлүмунө дагы алып берээрин кошумчалады.