Айыл турмушу: Арзыкан апа бир топ жылдан бери кыздардын септерин даярдап чеберчилик алектенип келет №2

turmush
Скачать
Просмотров: 93
 
Опубликовано 13 Марта 2018, 11:59

40 жыл мурун Баткенге келин болуп келген Ормонова Арзыкан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Кара-Кулжа районунун Алай-Куу айылында чоңойгон. Кесиби боюнча мугалим. Жолдошу менен Бишкек шаарына жумуш менен барып «Достук» мейманканасынан таанышып калган.
«1978-жылы мугалим болуп иштеп, окуучуларды сынакка Бишкек шаарына алып баргам. «Достук» мейманканасына жайгашып, балкондо көчөнү тиктеп турсам кошуна балкондо да 2 жигит туруптур. Алар сөзгө тартып таанышып калдым. Ошолордун бирөөсү жолдошум Султанмурат Латипов эле. Алар эртеси кетебиз дешип, бирок менин дарегими толук биле албай, билеттерин тапшырып, 3 күнгө мейманканада калып калышкан. Кийин дарегими билип, мени издеп Кара-Кулжага барышкан. Телеграфта мени табышып, «биз бул жакты жакшы билбейбиз, кайсы жерде чай иче турган жай бар?» десе мен аларды чай ичкен жерге ээрчитип барам деп, ошол бойдон мени Баткенге алып баса келишкен. Ошентип Баткенге келин болуп калдым. Турмушубуз жаман болбоду. Анча мынча казан-аяк кагышат эмеспи. Мындайда эркек да, аял да кечиримдүү болушу керек. Ошондо гана турмуш уланат. Жолдошум Султандын чынчылдыгы, мээнеткечтиги, жагат. Бир топ жыл мамлекеттик кызматтарда иштеди.Облус башчысынын орун басарлык кызматына чейин жетип, элге кызмат кылган», - деди ал.
Жубайлар 3 кыз, 1 уулдуу болушкан. Азыр баардыгы билимдүү, үй-бүлөлүү. Арзыкан апа өзү пенсияга чыкса да коомдук иштерге да активдүү катышып келет. 10 жылдан ашык убакыттан бери шаардык аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштейт. Андан сырткары «Айгүл тоо айымдары» апалар тобунун жетекчиси. Кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, жасаган эмгектери менен ар кандай жармаңкелерге катышып келет.

«Кол өнөрчүлүктү апамдан, тай энемден үйрөндүм. Алгачкы жолу 4-классымда апама боз үйлөргө уук тизгич таар токугам. Узундугу 2 метрге жакын, жоондугу 4 см таарды 1 ай токугам. Баткенге келин болуп келгенден бери килем токуп, кыздардын септерин даярдайм», - деди ал.