Ак-Талаанын 57 жаштагы тургуну мончо жагып жердештерине кызмат көрсөтүү менен күнүнө 1 миң сомдон киреше табууда

turmush
Скачать
Просмотров: 408
 
Опубликовано 13 Марта 2018, 01:20

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 57 жаштагы тургуну Шайлообек Базаров 2 мурун мончо ачып, күнүгө 1 миң сомдон ашык киреше таба баштады. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Азыркы учурда, айылда заманбап мончо салып, анын арты менен арбын киреше табуу жакшы эле колго алынып калды. Алардын бири, Баетов айылынын тургуну Ш.Базаров дагы жүзөгө ашырып, үйүнө заманбап үлгүдөгү мончо салып, киреше табуунун жолун тапты десек болчудай.
Шайлообек аке Баетов айылына көчуп келгенине 3 жылдын жүзү болду. Ал буга чейин Бишкек шаарында курулуш жана ар кандай жумуштарда иштеп келген. Акыры, өзүнүн киндик тамган кичи мекенине кайтып келип, бир аз чарба күтүп үй-булөсүн багып келет.
Ал алгач өзүнүн короосуна муз аянтчасын ачып, балдардын кышкы эс алуусуна камкордук кылып, аны менен бирге эле пайдасын көрдү. Өзүнүн колу билген уста Ш.Базаров заманбап мончо салып, 2 жумадан бери калкты тейлеп, кызмат көрсөтүүнү баштады.
Жасаган ишинин акыбети кайтып, 2 жума болсо дагы үзүрүн көрүп, пайдасын таба баштаган Шайлообек аке эмгегин төмөндөгүдөй бөлүштү.
«Кудайга шүгүр. Жумуш жок дебей, акыл калчап иш кылса жумуш болот экен. Жумуш жок деп чет жактарга кете берүү деле туура эмес окшойт. Өзүңөр көргөндөй, кичинеден аракет кылып жакшы мончо салып алдым. Мончо 2 бөлүмдөн турат. Бир жагы жалпы, бир бөлүгү үй-бүлөлүүлөр үчүн. Жалпысына 20 адам батат. Жууну убактысына чек жок жана баасы 80 сомдон. Ал эми үй-бүлө менен түшкөндөргө 1 жарым саат, баасы 250 сомдон. Ысык суу, муздак суусу бүт бар. Санитардык абалдарга толук жооп берет. Ички температурасын өлчөп туруу үчүн өлчөө жабдыктары орнотулган. Буюрса, жакында душун дагы бүтүрөм» - деди Ш.Базаров.
Мындан сырткары, жайкысын балдардын эс алуусуна шарт түзүү максатында бассейн курууну дагы пландап жатканын кошумчалаган Шайлообек аке үйундө 5-6 саан уй багып, мал чарбачылыгын дагы колго алууну көздөөдө.