Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык М.Мейманалиев 200дөн ашык рэп ырдын автору

turmush
Скачать
Просмотров: 345
 
Опубликовано 12 Марта 2018, 12:24

Талас районунун Көк-Токой айылынын 21 жаштагы тургуну Мирлан Мейманалиев 200дөн ашык рэп ырдын автору. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ырларды 6-классынан баштап жаза баштаган.

«Бир жолу досумдун үйүнөн рэппер Эминемдин ырын угуп калдым. Анан өзүм жазган ырларымды рэп түрүндө окуп көрдүм бирок окшошпой койду. Анан интернеттен бир минусовка таап алып, ошого бир ыр жаздым. 7-класста дос балам экөөбүз «Универсал» деген топ түзүп, «Сени сүйөм» деген ыр чыгардык. Аны телефон аркылуу тааныштарга тараттык. Ал ыр бир аз болсо да дем берди. Досум экөөбүз топто 1 жыл ырдап жүрдүк. Андан кийин мен башка ат менен ырдап жүрдүм. Ушул кезге чейин бирөөнүн текстин алган эмесмин. Азыркы учурда 200дөн ашык ырым бар. Бардыгын өзүм жазгам.

Бир ирет Таластагы радиодо маек берип кадым. Алып баруучу кыз угармандардан келген «сүйлөшкөн кызыңыз барбы?» деген суроону берди. Мен ал кезде жылдыз оорусу менен ооруп, 1 эмес 3 кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Бирок мен «сүйлөшкөн кызым жок» деп койдум. Болбосо үчөөнө теңн «мен интервьюга бара жатам, «сүйлөшкөн кызым жок» десем таарынба ал менин рейтингиним үчүн» деп айтып койгом. Ошол суроодон кийин эле бир ыр койду. Эң кызыгы бир маалда алып баруучу кызга угармандардан «микрафонуңар өчпөй калыптыр» деген кат келди. Мен ошол учурда ага «уялбай эле жок деп койдум го ээ болбосо бирөө эмес, үчөө менен сүйлөшөм» деп айтып жаткам (күлүп). Азыркы учурда шоу-бизнеске баш-отум менен киришейин деп жаңы ырларды даярдап жатам», - деди ал.

Рэппер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу