Ак-Талаада Баетов айылынын тургунуна жардам берүү үчүн кайрымдуулук кичи футбол мелдеши өткөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 170
 
Опубликовано 11 Марта 2018, 03:47

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 29 жаштагы тургуну Канат Арап уулуна жардам берүү максатында кайрымдуулук боюнча футболдук мелдеш өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 10-март күнү К.Арап уулунун тамагына операция кылууга көп каражат керек болгондуктан улам, анын достору 1989-жылкы жигиттер тарабынан кайрымдуулук боюнча кичи футбол мелдеши өткөрүлүп, мелдештин ачылыш аземине акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов катышып, жигиттерге ыраазычылык билдирүү менен бирге эле өзүнүн атынан 3 мин сом тапшырса, ошондой эле райондук сот тарабынан дагы 3 миң сом каражат берилди.
Ал эми мелдешке жалпы 14 команда катышып, ар бир команда 500 сомдон чогултуп беришүү менен бирге оюн талаасында күч сынашты.
Ал эми кайрымдуулук мелдешинин уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, кайрымдуулукка көп эле мекеме-ишканалар чакырылгандыгын, бирок айрымдары келбей коюшкандыгы өкүндүрдү.
Мелдеш өтүп жаткан мезгилде, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондун имам-хаттиб Жаныбек Жээнбеков келип кетишти.