Акталаалык фермер К.Абышбаев асыл тукум жылкыларды көбөйтүүнү максат кылып, сындуу жылкыларды багууда

turmush
Скачать
Просмотров: 1844
 
Опубликовано 11 Марта 2018, 03:16

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын фермери Качкынбек Абышбаев асыл тукум жылкыларды көбөйтүү максатында 2 миң доллардан сатып келген тулпарларды багууда. Бул туурасында аймактык кабарчы таанышты.
Маалым болгондой, К.Абышбаев союз учурунда бир катар кызматтарлы аркалап, кийин акимдин биринчи орун басарлыгы кызматына чейин иштеп, учурда өзүнүн чоң мал фермасын түптөп, үй-бүлөсү, балдары менен биргеликте топоз, жылкы жана кой багуу менен алектенип келүүдө.
Тажрыйбалуу фермер асыл тукум жылкыларды көбөйтүүнү максат кылып, 2017-жылы Чүйдөн 2 миң долларга 1 күлүк, Ысык-Көлдөн 1 жорго сатып алган. 2017-жылдын күзүндө «Бермет-Жал» ат майданында өткөн түшүм майрамында чон мелдеште күлүгү аламан жарыштан 1-орунду ээлесе, ал эми жоргосу 2-орунду камсыздап, байгелүү кылган. Учурда, алдыдагы улуттук ат оюндарына катышууга таптап жаткан учуру.
«Өзүбүз үй-бүлөбүз менен мал чарбачылык менен алектенебиз. Убагында малдын сапатына эмес, санынын көптүгунө өтүп алыптырбыз да. Эми минтип, кайрадан сапатына өтөлү деген максат менен, башкача айтканда асыл тукум жылкыларды көбөйтүүнү пландап, иш баштап оутрабыз. Эми бул кымбат баага сатып келген жылкыларды мелдешке салып, байге утуу эмес, булардан тукум алуу, көбөйтүү эң биринчи максатыбыз. Кыргыз эли байыртадан бери эле жылкыга жакын болуп, кыргыздын чыгаан баатырлары сындуу тулпарларды минип, жоого минип келишкени ырас эмеспи. Бул сенин кыргыз экениңди далилдей турчу фактор. Эч кандай деле саяпкер жалдабайбыз. Күлүктү кичүү уулум Нурлан таптаса, ал эми жоргону улуу уулум Руслан таптап, өзүнүн эрежелери таптап, өз убагында тоютун берип багып жатышат. Айрым учурларда, минтип куда-сөөк, тели-теңтуш менен бирге минип алып, көчө аралап сейилдеп коебуз» - дейт К.Абышбаев.
Жылкынын асылдуулугун жогорулатуу, асыл-тукум жылкыларды багуу, аларды көбөйтүүнү колго алуу - бүгүнкү күндүн талабы экендигин, сындуу, жотолуу, бийик жылкыларды багууну дагы жердештерине сунуштап, чакырык таштап келет.