Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда кызына Баткенде чыгарылган өтүк сатып алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы кызы үчүн желимден жасалган 200 сомдук жана ичине жүк салынган 5 миң сомдук өтүк алды.
Облус жетекчилиги аталган өтүктөрдү чыгарууда жетишпеген материалдар Өзбекстандан алына тургандыгын билдиришти. Кээде чек ара көйгөйү жаралып калган учурларда аларды алып келүү көйгөй жаратат.
Сапар Исаков бул маселени чечиле тургандыгын билдирди.