Ак-Талаанын Баетов айылынын мергенчиси К.Саталиев тайын жеп кеткен дөбөт карышкырды атып алды

turmush
Скачать
Просмотров: 2453
 
Опубликовано 13 Февраля 2018, 12:49

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мергенчи Кылыч Саталиев Баба-Чал чөлкөмүнөн дөбөт карышкыр атып алгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 11-февраль күнү К.Саталиев жоголуп кеткен тайын издеп чыккан. Бирок, тилекке каршы тайын карышкыр жеп кеткенин көрүп, карышкырлардын изи менен артынан барып, Баба-Чал чөлкөмүндө 4 карышкырдын жатканын көрүп, алардын ичинен бир карышкырды атып алган.
«Чын-чынына келгенде, айыл жергесинде жалгыз караганыбыз эле мал да. Учурда карышкыр күч болуп, малыбызга тияктан деле, бияктан деле кол салып жатат. Тайымды жеп кеткен экен. Карышкыр изи менен акмалап барсам, 4 карышкыр жатат. Бирөөсүн атып алсам, минтип килейген дөбөт карышкыр экен» - деди К.Саталив.