Баткен шаарынын 7 жаштагы тургуну Зарина Байтемирова шал оорусуна (ДЦП) карабай «Нур» балдарды калыптандыруу борборунда билим алууда. Бул тууралуу борбордун тарбиячысы Сабринса Салиева билдирди.
Анын айтымында, Зарина учурда апасынын жардамы менен орус, англис, араб тилдерин үйрөнүп жатат. Араб тилинин тамгаларын окуп бүтүргөн. Ангис тилинде окуй баштаган. Орус тилинде сүйлөп, ыр айтканды жакшы көрөт. Азыр болсо чет тилдеги ырларды жаттап айтып калды.
Зарина келечекте дарыгер болууну самайт. Анткени ал ооруган балдарды дарылоону кыялданат.