Айыл турмушу: Таластык музыкант муалим А.Ниязбеков Түркияга чейин сынактарга катышып келген

turmush
Скачать
Просмотров: 172
 
Опубликовано 18 Января 2018, 10:52

Талас районунун Көк-Кашат айылынын 42 жаштагы тургуну Алмазбек Ниязбеков 23 жылдан бери музыка мугалими болуп иштейт. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, атайын музыкалык билимге ээ болгон.

«Музыкага кызыгып калышыма ата-энем түрткү болду. 6 жашымдан баштап комуз черте баштагам. Атам да, апам да ырдашчу. Атам ыр жазып, музыкалык аспаптарда ойночу. Үй-бүлөбүз менен көптөгөн сынактарда, концерттерде ырдап, көптөгөн грамоталардын, сыйлыктардын ээси болгонбуз. Устатым Шекербек Шеркулов болгон. Биздин туугандардын ичинен 6 киши чогулуп «Баба» эстрада фольклордук ансамблин ачышкан. Азыркы учурда ошол курамдар тургандардын балдары алардын ордуларын ээлеп ырдап жүрүшөт. Быйыл мен Түркиянын Стамбул шаарына «Шайыр апалар» тобунун жетекчиси болуп барып келдим. Көчмөндөр оюндарында миң комузчунун арасында болуп, күү черттим. Өлкө башчыбыздын грамотасын алдым. 2012-жылы Ысык-Көлдө өткөн «Тогуз кайрык» фестивалына да катышкам.

Үй бүлөдө 2 кыз, 1 уулум бар. Уулум да музыкага кызыгат. Ырдап аккордеондо, комузда ойнойт. Кичүү кызым комуз черткенди үйрөнүп жатат», - деди ал.