Айыл турмушу: Кокондук 2 дос Баткенге келип, устакана ачып эшик-терезелерди жасап жатышат (фото)

turmush
Скачать
Просмотров: 497
 
Опубликовано 17 Января 2018, 13:30

Дилшод Султанов менен Адыл Эркебаев Баткендеги жыгач устаканада эшик-терезелерди жасап иштеп жатышат. Аймактык кабарчы уста достордон кабар алды.
Өздөрүнүн айтымында, Баткенге Өзбекстандын Кокон аймагынан келишкен. Устакананы ижарага алышкан. Анда күн сайын буйрутма алып, эшик-терезелерди жасашат. Эшиктин квадрат метри 2000 сом, терезенин квадрат метри 1500 сомдон бааланат. Даяр эшиктер 9000 сомго чейин сатылат. Эшик-терезелер жалан гана жыгачтан жасалат. Күнүнө 10го жакын эшик-терезе жасашып, күнүнө 50 миң сомго чейин киреше табышат.
Устакана кышында суук болгондуктан жыгачтын таарындылары (опилка) жагылчу меш жасап алышкан. Ага 2-3 кап таарынды салышса 10 саатка чейин жылуулук берип турат.