Эл ичи — өнөр кенчи: 17 жаштагы Т.Керимбаев 10 жакын обондун автору (фото)

turmush
Скачать
Просмотров: 233
 
Опубликовано 17 Января 2018, 10:05

Талас районунун Жоон-Арык айылынын 17 жаштагы тургуну Талант Керимбаев бир нече обон жаратты. Аймактык кабарчы жаш обончу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 10 чакты обон жараткан. Аккордеон, гитара, пианинодо ойноп ырдайт. Учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында үйлөмө аспаптар бөлүмүндө 1-курста окуйт.
«9-классымдан бери аккордеон, гитара ойноп, ырдап баштагам. Өзүм 1-классымдан эле ырчы болом деп кыялданчумун. Атам жаш кезинде аккордеон ойноп ырдачу. Менин атымды да«таланттуу балдардан болсун» дешип Талант коюшуптур. Эң биринчи жолу 8-классымда айылга кайрымдуулук концерт койгондо ырдап чыктым. Концерттен түшкөн каражатты ооруп жаткан эжебизге бергенбиз.

Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Бек Борбиев жана башка агаларыбызды кумир тутуп, ырларын аккордеон менен ырдап жүрөм», - деди ал.
Жаш ырчы үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсү.