Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылындагы Мыкаачы-Суусуна жаңы көпүрө курулду

turmush
Скачать
Просмотров: 100
 
Опубликовано 16 Января 2018, 22:17

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы Мыкаачы-Суусуна Эл аралык донордук уюмдун каржылоосу менен жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 16-январь күнү Жаңы-Тилек айылынын дал ортосунан агып өткөн Мыкаачы-Суусуна «CAMP Ала-Тоо» уюмунун «Тоо көпүрөлөрү» долбоорунун негизинде жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн ачылыш аземине район жетекчиси, долбоордун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Көпүрөнү курууга аталган долбоор тарабынан 207 миң сомго курулуш материалдары алынып берилген болсо, ал эми көпүрөнү бекемдөө иштери үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 66 миң сомго габион-тор берилген. Андан сырткары, өздүк салым катары жергиликтүү турган Корчубек Райымов 20 миң сом жана Кубанычбек Төлөнбай уулу 50 миң сом каражат салым кошушкан.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө район жетекчилиги жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан көпурө курууга салым кошкон Германиянын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдирилди. Ошону менен бирге эле салым кошкондорго айыл өкмөттүн ардак грамоталары ыйгарылды.
Союз учурунда аталган сууга коомдук ишмер Төлөнбай Кырбашев көпүрө салып берген. Бирок, бир нече жылдан соң ал көпүрөнүн эсrbлиги жетип, суу алып кеткен эле. Ал эми салынган жаңы көпүрөгө «Төлөнбай Ата» деп ысым ыйгарылды.