Эл ичи — өнөр кенчи: 20 жаштагы Б.Аманбекова Таласта бир нече социалдык роликтерди тартты

turmush
Скачать
Просмотров: 87
 
Опубликовано 16 Января 2018, 16:37

Таластык 20 жаштагы Бермет Аманбекова ар кандай социалдык роликтердин автору. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ролик тартуудан тышкары сүрөт тартуу, ыр жазуу менен алектенет. Буга чейин өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусу, коррупция, СПИД боюнча роликтерди тарткан. Учурда Талас мамлекеттик университетинде окуйт.
«Мен роликтерди адамдар биздин өлкөдөгү көйгөйлөр тууралуу ойлонушу үчүн тартам. Алардын ар бири жашоону баалоого, эң биринчи адам бойдон калууну үйрөтөт. Роликтер телефонго эле тартылат. Башкалар телефонго эле тартып жатышкандыктарын угуп, мен дагы тарта баштадым. Эң күлкүлүүсү роликтерди тартып жатканда телефондун кубаты өчүп калат же мен бир нерсеге чалынып кулап кетем. Биз тарткан роликтер менен ар кандай сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келе жатабыз. Дүйшөмбү күнү аларды облустук телеканалдан көрсөтүп турушат. Бул алгачкы ийгиликтер деп ойлойм. Азыр болсо адамдардын салтанаттуу күндөрү үчүн слайдшоуларды жасоо менен алектенип жатам», - деди ал.