Айыл турмушу: Таластык Асхат урушка түшүүчү 15 миң сомдук короздорду багат

turmush
Скачать
Просмотров: 1282
 
Опубликовано 11 Января 2018, 16:00

Таластын шаарынын 25 жаштагы тургуну Зарылбек уулу Аскат урушка түшүүчү 15 миң сомдук короздорду багат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, дакан короздорду бакканына 2 жыл болду.

«Негизи 2 жыл баккандарды «новичок» деп койсо болот. Анткени 10 жылдан бери короз баккан акелер бар. Мен аларды көрүп кызыгып кеттим. Негизи дакан деп айтылат анын ичинен кореец, тайго, шамо вьетнам деген көп породаларга бөлүнөт.
Бүгүнкү күндө 6 корозум бар. Ар бири ар кандай породода. Уткан эң чоң байгем 12 миң сом болгон. Короз багуунун келечеги жокко эсе, бирок бул азарт. Короздордун баасы ар кандай. Күчтүү короздор кымбат болот. 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин бааланган короздор бар. Өзүмдүн короздорум 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. Короз багуу жумуштан тышкары алек болчу нерсе», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.