Талас районунун Көк-Токой айылындагы 9-класстын окуучусу Шернияз Абдыжапаров 8 жыл ичинде ар кандай сынактардан 30дан ашуун грамота алууга жетишти. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 8 жыл ичинде спорт жана билим жаатында ийгиликтерди жаратып келет жатат.
«2013-2015-жылдары Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата өткөрүлгөн көркөм окуу боюнча кароо-сынакта райондук, облустук деңгээлде 1-орунду алып, республикалык деңгээлде да байгелүү орунду камсыздагам.
Андан тышкары каратэ, баскетбол, күрөштөн да ийгиликтерди жаратып келем. Математика сабагынан Бишкек шаарында өткөн олимпиадада 1-орунга ээ болдум. Ушул ийгиликтерге жетишкениме атам Талант Шабдалиев менен апам Кайырбүбү Буларованын салымы чоң. Аларга ыраазычылык билдирем», - деди ал.
Шернияз 4 бир туугандын үчүнчүсү.