Кечээ, 15-ноябрда Кара-Кулжа районунун тургуну, өлкөнүн көк бөрү боюнча чемпиону Жандар Төрөев 4 млн сом каражат сарптап, балдарына сүннөт той жана үй той өткөрдү. Анын урматына көк бөрү мелдеши өткөрүлүп, байге куржуну калың болду. Бул тууралуу той ээсинин бир туугандары кабарчыга билдирди.