Токмоктун айрым кѳчѳлѳрүндѳгү үйлѳрдү суу каптап жатат, - тургундар

turmush
Скачать
Просмотров: 119
 
Опубликовано 16 Ноября 2017, 14:15

Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын бир катар кѳчѳлѳрүндѳгү үйлѳрдү жерден чыккан суу каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Крапоткина көчөсүнүн №43 үйдүн кожоюну Максат Ажикеевдин айтымында, мындай көрүнүш жаз мезгилинен бери эле кайталанып келе жатат.