Айыл турмушу: Таластык Татьяна айым түшүндө аян алып, куран жаттап, «Манас» жөнүндө ырларды жазууда

turmush
Скачать
Просмотров: 119
 
Опубликовано 15 Ноября 2017, 10:18

Талас шаарынын тургуну Татьяна Тютюнникова түшүнөн аян алып, «Манас» эпосундагы каармандар жөнүндө ырларды жазып жүрөт. Аймактык кабарчы акын айым менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ыр жазуудан тышкары бейтаптарды кабыл алып, алардын сакайышына көмөк көрсөтөт.

«Талас шаарында туулгам. Орус улутунун кызымын. Кесибим менен көп жыл медайым болуп эмгектенгем. 5 жыл мурун түшүмө камчы кармаган кишилер кирди. Манастын күмбөзүнө барып, камчы сатып алдым. Байыркы ата-тегим кыргыз болсо керек деп ойлойм, түшүмө жалаң кыргыздар кирет. Куранды баштан аяк айтып калдым. Касиеттүү деп эсептелген Көз-Булак, Каныкей апа, Айчүрөк апа, Калпа ата, Арашан булактарга барып, ал жерлерде отуруп, ыр жазам. «Манас» эпосунун каармандарына арнап ыр чыгарам.
Ал эми, ырларымды социалдык тармактарга жарыялаганда таластыктар «достошолу, ырларыңызды окуп, абдан сүйүндүк» деп жазышат. Аларды окуп мен да сүйүнүп калам.

Россияда туугандарым чакырышат. Бирок Таласта мени кетирбей кармап турган күч бардай сезилет», - деди ал.

Акын айым 1 уулдун апасы.