Курулуш плитасы үйдү басып калып, аял киши каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 113
 
Опубликовано 11 Ноября 2017, 16:02

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы турак үйгө кран менен плита (курулуш материалы — бир нече катмардан турган жыгач тактай, цементтен жасалганы да бар) коюлуп жаткан учурда трос үзүлүп кетип, аял киши каза болду. Ошондой эле, жабыркагандар бар.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө жайгашкан №30 турак үйдүн үстүнө плита кулап кеткен. Анын кесепетинен 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми, оор жаракат алган аял окуя болгон жерде көз жумган.
ТОЛУГУ МЕНЕН: http://chui.turmush.kg/news:334868