Мумияны Баткенде кайрадан көмөрдө жууп, кепин менен ороп чыгышкан

turmush
Скачать
Просмотров: 1782
 
Опубликовано 23 Октября 2017, 17:56

Баткен районунун Кара-Булак айылына кайрадан көмүлгөн мумияны ордунан козгобош керек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Кара-Булак айылынын тургуну Алихан Отоновдун айтымында, көмүлгөн мумиянын арбагы тынч жатышы үчүн аны өз жайына коюу керек. Ислам дини боюнча көз жумган адамдын арбагы тынч жатышы абзел.

Ал эми, мугалим Аширбай Раимкуловдун айтымында, өлүктөр жер астында, тирүүлөр жер үстүндө болушу кажет. Убагында Амир Темирдин сөөгүн жылдырып жиберишип Улуу Ата Мекендик согуш чыккан. Ал боюнча атайын кинотасма да тартылган.

Мумияны жерге көмүү үчүн Кара-Булак айылына алып келгенде Баткен районунун тургуну Кадыйча Мырзакулова аны жууганга катышкан.

«Мен мумияны жууш үчүн киргенде мумияланган кыз 16-17 жаштагы кыздай экен. Аны сөөгү ошол бойдон мумияланып сакталыптыр. Аны биз акырын эле жууп чыктык. Бирок башкалар айткан буюмдарын көргөн жокпуз. Жылаңач кыздын денесин ары-бери көтөрүп, музейге коюп, адамдарга көргөзгөн уят нерсе. Бул мусулманчылыкка да, үрп-адатка да сыйбаган иш», - деди ал.

Жергиликтүү тургундар мумия Баткенден алынып кеткенден кийин 10 жылга жакын ар кандай табигый кырсыктар көбөйүп, элдин негизги кирешеси болгон өрүктөр жакшы мөмө бербей калгандыгын айтып келишет.