Шайлоо-2017: Стамбулдагы кыргызстандыктар добуш берип жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 269
 
Опубликовано 15 Октября 2017, 19:11

Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда түзүлгөн №9035 участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү улантылып жатат. Бул шайлоо комиссиясында 726 шайлоочу катталган.

Кыргызстандык магистрант Азамат Алагөз уулунун айтымында, Стамбул шаарынын убактысы боюнча саат 10:00 чамасында кезек күткөн шайлоочулар көп болду. Бул шайлоо участогуна Стамбулга жакын шаарларда эмгектенип жана билим алып жүргөн кыргызстандыктар чогулган.

«Элдин маанайы жакшы, добуш берүүгө активдүү катышып жатышат», - деди кыргызстандык магистрант.