Ак-Кыя айылында жаңы мектептин курулуш иштери башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 32
 
Опубликовано 12 Октября 2017, 14:26

Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы кулап калуу коркунучунда турган Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 11-октябрда 2 кабаттан турган 275 орундуу жаңы мектепке капсула салуу аземи белгиленип, ага облус башчысы Аманбай Кайыпов, Жогорку Кеңештин Эсептөө палатасынын аудитору Ишенбек Медетов, райондун акими Семетей Черикбаев баштаган бир катар өкүлдөр катышты. Алар аталган айыл элин жаңы имараттын курулуш ишинин башталышы менен куттуктап өтүштү.
Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектеби өлкө башчысы А.Атамбаевдин тапшырмасы менен 12 авариялык мектептин катарына кирип, жаңы имарат куруу иши пландалган. Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттен 85 млн сомго долбоорлонуп, ал эми тендердик наркы 64 млн 480 миң сомго бааланган.
http://www.turmush.kg/news:333102/?fr...