Кадамжайда Кара-Дарыянын 7 км тилкеси бекемделүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 134
 
Опубликовано 25 Сентября 2017, 14:18

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Кара-Дарыянын 7 чакырым 500 метр тилкеси селден сактануу үчүн бекемделип жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, быйылкы жылы катуу жааган жаандан улам А.Орозбеков айыл аймагында бир нече жолу сел жүргөн. Сел А.Орозбеков айыл аймагынын так ортосунан агып өткөн Кара-Дарыяны шагыл, топуракка толтурган. Кайра сел жүрө турган болсо жергиликтүү тургундардын үйүнө бир топ зыян келтирүү коркунучу жаралган. Андан улам ӨКМ тарабынан Кара-Дарыяны кеңейтүү жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда дарыянын 7 чакырым 500 метр тилкеси шагыл, таш, кумдан тазаланып, анын ичинен сел каптоочу 3 чакырым 2 метри бетондолуп жатат.

У жылдын 1-июлунда нөшөрлөп жааган жамгырдан Кара-Дарыядан секундасына 120-130 метр куб сел жүрүп, бир үйдү толугу менен алып кеткен. Андан тышкары көпчүлүк адамдарды короосун сел жууп кетип, 8 көпүрө, ички арыктар жараксыз абалга келген.