Айыл турмушу: Шекерлик Орозбек ата аскерден үйрөнгөн кавказ бийин азыркыга чейин сахнада бийлеп келет

turmush
Скачать
Просмотров: 657
 
Опубликовано 25 Сентября 2017, 11:07

Кара-Буура районунун Шекер айылынын 76 жаштагы тургуну Орозбек Токтогазиев аскерде жүргөндө үйрөнгөн кавказ бийин азыркыга чейин сахнада аткарып келет. Бийчи атадан аймактык кабарчы кабар алды.

«1999-жылдан баштап элдик театрга барып калдым. Айылыбызда көчө боюнча ыр кесе уюштурулуп калды. Ошондо комузчу, ырчы, ар кыл өнөрдүн ээлери чыгышты. Менде кавказ бийи бар эле, ошону бийлейм деп чыгып калдым. Анан дагы уюштурулду. Дагы барып жүрүп, Күркүрөө маданият үйүндөгү элдик театрга кирип калдым. Кавказ бийин 1963-жылы армияда кавказ балдардан үйрөнгөм. Азыр ойлосом бири-бирибизге улуттарыбыздын маданиятынан үйрөткөн экенбиз. Ошондон тарта жакшы шаан-шөкөттөрдө бийлеп келем. Жаш кезекте абдан кыймыл менен бийлесем, азыр жашыма ылайыктуу жай бийлейм.
Бийден тышкары театрда 7-8 чоң роль жараттым. Жубайым Салкынай Токтогазиева мени колдоп, коюлган оюндарга барып көрүп, мага сын-пикир айтып оңдоп «бул жериң жакшы болду» деп мактап турат», - деди ал.

Бийчи ата жубайы экөө 2 кыз, 3 уулдун ата-энеси.