Ак-Талаада апрель революциясынын баатыры А.Карасартовдун жаркын элесине арналган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 140
 
Опубликовано 23 Сентября 2017, 18:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Апрель революяциясынын баатыры, маркум Адилет Карасартовдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйлангандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, баатырдын 23-сентябрь туулган күнүнө карата жыл сайын анан достору тарабынан уюштурулуп келген спорттук мелдештин 7-сезонунда волейбол, фктбол, ггирья көтөрүү жана кыргыз күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жыйынтыктоо аземинде баатырдын атасы Сүйундүк Карасартов, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу, райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыев, «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин райондук өкүлү Жаныбек Асылбеков жана баатырдын досторунун атынан Жолой Кубанычбек уулу сөз сүйлөшүп, спортчуларды куттукташты. Андан соң, баатырга багышталып куран окутулду.
Ал эми спорттук мелдеште төмөндөгүлөр жеңүүчү деп табылды.
Футбол боюнча;
1-орунду Баетов айылынын командасы камсыздап, кубок, диплом жана 5 миң сом, 2-орунду ээлеген «Тайлак баатыр» командасы диплом жана 3 миң сом, 3-орунду багынткан «Достор» командасы диплом жана 2 миң сомго ээ болушту.
Волейбол боюнча;
1-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы камсыздап, кубок, диплом жана 3 миң сом, 2-орунду ээлеген Жаңы-Талап айылынын командасы диплом жана 2 миң сом, 3-орунду багынткан Үгүт айылынын командасы диплом жана 1 миң сомго ээ болушту.
42 килограммдык гирьяны көтөрүү боюнча;
1-орунду Баетов айылынан Талант Бугубаев ээлеп, медаль жана 1 миң сом, 2-орунду ээлеген Ак-Тал айылынан Чыңгыз Жамалов 500 сом, 3-орунду ээлеген Баетов айылынан Азамат Бактыбаев 300 сом менен сыйланышты.
Кыргыз күрөшүнүн 70 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду 1-орунду Элисбек уулу Эрнис ээлеп 1 миң сом, 2-орунду Жумабек уулу Кубанычбек ээлеп 500 сом, 3-орунду багынткан Урмат Жолдошбеков 300 сом жана диплом менен сыйланышты.
70 килограмм салмактан жогоркулар арасында; 1-орунду Кубанычбек Жумабеков ээлеп 1 миң сом, Чыңгыз Жамалов камсыздап 500 сом жана 3-орунду багынткан Ынтымак Таалайбеков 300 сом менен жана дипломдор менен сыйланышты.
Аталган мелдештин жалпы байге фонду 50 миң сомду түздү.
Жылсайын өтүп келген бул спорттук мелдеш, эми мындан ары 4 жылда бир өткөрүлүп турмай болду.