Кара-Бактагы базарда тамактануучу жайлар текшерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 134
 
Опубликовано 22 Сентября 2017, 12:18

Баткен районунун Кара-Бак айылынын «Кара-Бак» базарындагы тамактануучу жайлар санитардык талапка жооп бербейт.
Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысынын орун басары Дыканали Жунусалиевдин айтымында, базардагы соода жайлары баш аламан жайгашып, тамактануучу адамдарга шарт түзүлгөн эмес. Базардын ичи чаңга толуп, ары-бери өткөн унаалардын түтүн-чаңы да аралашып тамактар бышырылат. Мындай шартта тамактарды бышырган адамдарга мыйзам негизинде 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып акча салынышы керек.
Санитардык көзөмөлдүк кызматкерлери соодаргерлерге кемчиликтерди жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.