Ак-Талаада Тынчтык күнүнө карата «Көгүчкөн - Тынчтыктын символу!» аттуу акция өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 707
 
Опубликовано 22 Сентября 2017, 00:05

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде 21-сентябрь Эл аралык тынчтык күнү «Көгүчкөн - Тынчтыктын символу!» аттуу акция салтанаттуу белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 21-сентябрь күнү аталган мектептин окуучулары тарабынан тынчтык күнүн даңазалаган акция уюштурулуп, анда колдоруна көгүчкөндүн сүрөтүн кармаган окуучулар флешмоб өткөрүштү.
Акциянын жүрүшүндө, тынчтык күнү туурасында мектеп директору Венера Мурзалымбекова окуучуларга кеңири баяндама жасаса, ал эми акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова дүйнөдболуп согуштук терс көрүнүштөргө, терроризм-экстремизм жана башкаларга токтолсо, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев окуучуларды татыктуу тарбия, терең билим алууга жана ынтымактуу болууга чакырып өттү жана бул даталуу күн ар бир билим берүү жайларында өтүп жаткандыгын билдирди.
Андан соң, окуучулар мугалимдери менен биргеликте жөө жүрүш жасашты.
Көгүчкөн - тынчтыктын символу катары кантип негизделген?
1949-жылдын 20-25-апрель күндөрү Париж менен Прагада Тынчтыкты сактоону жактоочулардын дүйнөлүк конгресси болуп өтөт. Конгресстин эмблемасын белгилүү испан сүрөтчүсү Пабло Пикассо тартып берет. Эмбледа зайтундун (оливка дарагы) бутагын тумушугунаскөтөрүп бараткан ак көгүчкөн түшүрүлгөн. 1956-жылы Москвада «Жаштар жана студуденттердин 6-дүйнөлүк фестивалына» карата шаарга көгүчкөндөр алынып келинсин - деген токтом чыгарылат. Жыйынтыгында Москвада бир жыл ичинде көгүчкөндөрдүн саны 35 миңге көбөйөт. 1957-жылы аталган фестиваль өтүп, анын катышуучулары тарабынан обого миңдеген көгүчкөндөр учурулат. Ак көгүчкөндөрдү тынчтык болсун деген максат менен азыркы кезге чейин сактап келишет.