Бүгүн, 21-сентябрда Сүлүктү шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда «Дүйнөдө тынчтык болсун» сынагы өттү.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, сынакка 100 окуучу катышты. Анда окуучулар тынчтыктын символун чагылдырган көгүчкөндүн сүрөтүн тартуу боюнча сынакка катышышты. Андан сырткары флешмоб уюштурулду.