7-апрель Элдик революциянын баатыры, акталаалык А.Карасартовдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 132
 
Опубликовано 21 Сентября 2017, 16:33

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 7-апрель элдик революциянын баатыры, маркум Адилет Карасартовдун жаркын элесине арналган спорттун 4 түрү боюнча мелдеш башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 21-сентябрь күнү элдик баатыр А.Карасартовдун 23-сентябрь туулган күнүнө карата, анын достору тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келүүчү спорттук мелдештин 7-сезону башталып, анда спорттун гирья көтөрүү, волейбол, футбол жана кыргыз күрөш түрү боюнча мелдеш башталды.
Алгач, Баетов айылындагы «А.Карасартов» атындагы сейил бактагы А.Карасартовдун айкелинин алдына чогулгандар баатырга багыштап куран окушту. Анда, акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, баатырдын атасы Сүйүндүк Карасартов сөз сүйлөшүп спортчуларга ийгиликтерди каалашты.
Аталган мелдештин уюштуруучулары анын достору болсо, быйылкы жылы облусттук спорт башкармалыгы колдоого алып, медаль жана баалуу сыйлыктарын берише турган болсо, ал эми достору тарабынан акчалай сыйлыктар жеңүүчүлөргө ыйгарылмакчы. Мелдеш 3 күнгө созулуп, жыйынтыгы 23-сентябрь күнү чыгарылат.
Адилет Карасартов тирүү болгондо 32 жашка чыкмак.