Айыл аксакалы Мамажан Масалиевдин айтымында, Чон-Талаа айылы менен бириктирген жолдо чаң арылбайт. Бул жолдон чоң-чоң жүк ташуучу унаалар өтөт. Алар өткөндө үйдө жер титирегендей сезилет. Көтөрүлгөн чаң үйгө чейин кирет. Тургундар жергиликтүү бийликке жолду оңдотуп берүүнү суранып кайрылышканы менен чара көрүлбөй келет.