Тагдыр: Баткенде 90 жаштагы эне 58 жаштагы майып кызын 3 жылдан бери жалгыз багып кыйналууда

turmush
Скачать
Просмотров: 649
 
Опубликовано 20 Сентября 2017, 17:16

Баткен шаарынын 90 жаштагы тургуну Кудайбердиева Үрүнса апа 3 жылдан бери 58 жаштагы майып кызы Касиет Токтомушеваны, небересин жалгыз багып келет. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.
Үрүнса апанын айтымында, кызына дарыгерлер инсульт диагнозун коюп, ар бир 3 айда ооруканадан дарыланып туруусун айтышкан. Кызынын оң колу жана буту иштебегендиктен төшөктөн тура албайт. Сүйлөп жаткан сөзүн да туура сүйлөй албай калат. Жолдошу каза болгон. Небереси, кызы үчөө 5000 сом пенсияга жашайт.
«Башымда турган чалым же уулум жок. Жалгыз кызым болсо ал да оорулуу. 3 жылдан бери төшөктө жатат. Жардам сурап көп жерлерге кайрылганыбыз. Шаардык мэрия менен чет жактагы мекендештерибизден (мэриядан 5 миң сом, мекендештерден 28 миң сом) жардам көрсөтүлдү. Бирок тиричилик үчүн ал акчаларды да ишететип жибердик. Эгер уулум болсо жардам суратпайт эле» - деди ал.

Эгер чон суммадагы акча болсо анда кызын борборго же чет жакка алып барып, бутуна тургузуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, элден жардам күтөт.
«Кызыма айына 2500 сомдон гана пенсия тиет. Ал акча өзүнүн памперсине эле иштетилип жок болот. Мен элден жардам күтөм. Эгер кудайым буйруп жакшы инсан жардам берип калса анда кызым бутуна турат деген ишеничтемин», - деди ал.

Апанын шаардык мэриядан башка жактан жардам көрсөтүлбөйт деген сөзүн Баткен шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу четке какты.
Анын айтымында, мындай үй-бүлөлөргө пенсиядан сырткары да жардамдар көрсөтүлүп турат.
«Жыл сайын 2-3 иреттен шаардык бюджеттен 3-4 миң сомдон, ай сайын кайрымдуулук фондунан 800 сомдон жардам берилип, үй-бүлөдөн бат-баттан кабар алып турабыз. Ошондой эле, шаардык мэрия тараптан 200 кгдан комур да берилет. Биз колдон келген жардамды аябай берип келгенбиз жана беребиз», - деди Эрмамат уулу.

Аталган үй-бүлөгө жардам берүүчүлөр болсо 0778148494 номери аркылуу байланышса болот.