Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айыл аймагы менен Жаңы-Жер айыл аймагынын ортосунан ѳткѳн сууга кѳпүрѳ курулду.
Төмөнкү Чүй айыл аймагынын тургуну Аскат Жороевдин айтуусунда, кѳпүрѳ жеке демөөрчү тарабынан курулган. Ал эми, Төмөнкү Чүй айыл өкмөтү көпүрөнү куруу иштерине 1 тонна күйүүчү май менен камсыз кылган.