Liglass Trading менен келишим мыйзамсыз бузулса жоопкерчиликти тартууга даярмын, - Д.Зилалиев

turmush
Скачать
Просмотров: 147
 
Опубликовано 19 Сентября 2017, 18:17

Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишим бузулса жоопкерчиликти тартууга даярмын. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Баткендеги иш сапар учурунда вице-примьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Ак-Булуң ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадындагы бир нече чакан ГЭСти курууга атайын тендер жарыяланып, андан чехиялык ишкерлер тандалып алынган. Баткенде ага «Liglass Trading менен келишим түзгөндө сиз «келишим бузулса, жоопкерчиликти мойнума алам» деген элеңиз, бирок азыр келишим бузулууда» деген суроо узатылды.

«Эгерде ал жерде келишим мыйзамсыз бузулган болсо жоопкерчиликти мойнум менен тартканга даярмын», - деп жооп берди Зилалиев.