Баетовдогу бала бакчага долбоор тарабынан 1 млн сомго чукул каражат аркылуу колдоо көрсөтүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 141
 
Опубликовано 19 Сентября 2017, 17:06

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасына Дүйнөлүк банктын мектепке чейин билим берүү долбоорунун негизинде 990 миң 730 сомдук ар кандай жабдуулар жана балдарга оюн аянтчасы курулуп берилгендигин бала бакчанын башчысы Нургүл Сатылганова аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, аталган долбоор тарабынан 263 миң 375 сомго оюн аянтчасы, 90 миң сомго тарбиячылар үчүн кеңеш кетиптер, балдар үчүн оюнчуктар берилсе, 276 миң 355 сомго эмеректер жана 361 миң сомго сам узел жабдыктарын беришүү менен орнотуп беришкендиги маалым болду.
Бул боюнча, бүгүн 19-сентябрь күнү оюн аянтчасынын ачылыш аземи белгиленип, ага ата-энелер, райондук бийликтин өкүлдөрү жана башкалар катышты.