Ак-Талаадагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасына Москвада иштеген жердештер тарабынан эмеректер берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 143
 
Опубликовано 19 Сентября 2017, 16:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасына «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин Москва шаарындагы мүчөлөрү тарабынан эмеректер тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 19-сентябрь күнү аталган коомдук бирикме тарабынан 30 миң сомдук балдар жатуучу койкалар тапшырылып, тапшыруу аземине райондук бийликтин өкүлдөрү, ата-энелер жана коомдук бирикменин мүчөлөрү катышты.
Аземдин жүрүшүндө, ата-энелер тарабынан ыраазычылыктар айтылып, кичинекей бөбөктөрдүн чакан концерти тартууланды.