Баткенде «Жылуу-Суу» санаторийин чек арачылар талашууда №1

turmush
Скачать
Просмотров: 218
 
Опубликовано 18 Сентября 2017, 12:36

Баткендеги дарылык касиети бар «Жылуу-Суу» профилактикалык жайы чек арачылар менен жергиликтүү тургундарыдын ортосунда талашка түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Аталган жайды иштеткен Бакытбек Миңбаевдин айтымында, 2 жылдан бери чечилбеген маселени Баткен райондук соту жеке тургундардын пайдасына чечип берди. Бирок №2022 аскердик бөлүгү кайрадан облустук сотко кайрылышты. 5 жыл аралыгында имаратты оңдоп-түздөөгө көп акча сарптаган. Таза суу үчүн эле 2 млн сом кетирген. Эски имаратты оңдоп, бак-дарак отургузуп, көрктөндүрүү үчүн да бир топ аракеттер көрүлгөн. Эми жумуш баштап, дарыланууга келген элди тейлей баштаганда Чек айылынын тургуну Сабыр Шаймарданкулов талашып, бир канча убакыт сотко каттап, акыры соттон аны жеңип чыккан. Андан кутулдук дегенде чек арачылар менен талаш кайрадан башталган. 2 жыл дегенде сот анын кызыкчылыгына чечип берген. Бирок Чек ара кызматы аталган имаратты өздөрүнө алып, пост кылууну көздөшкөн. Мынан улам алар облустук сотко кайрылышууда.

№2022 аскер бөлүгүнүн башчысы Каныбек Рыскуловдун айтымында, Баткен облусунан Дара аймагындагы Коргон чек ара бекетине чейинки аралык 192 чакырымды түзүп, тамак-аш жеткирүүдө кыйынчылык жаралчу. Ошондуктан чек арадан 7 чакырым алыстыктагы Жоо-Паяга чек ара бекетин куруу пландалган. Эгерде ал жер бекет болуп калса анда аскерлер жаан-чачында же кар түшкөн убакта түнөп калышат. Анткени Дара аймагынан Зардалыга чейинки 90 чакырым жол автоунаа эмес жөө жүрүүгө да кооптуу. Эгер «Жылуу-Суу» жер чек ара бекети болуп калса дарыланууга келген адамдарга коопсуздук бекем болот.

«Жылуу-Суу» санаторийи жайгашкан Жоо-Пая аймагы Баткен токой чарбасына карайт. Жылуу-Суудагы булактын суусунун курамында химялык элементтин 34 түрү бар жана дарылык касиети чоң. Аталган санаторий 1980-жылы курулган. СССР ыдырагандан соң санаторий иштетилбей калган. 1999-жылы Баткен окуясына байланыштуу ал жерди Чек ара кызматы пайдаланган. Бирок 2011-жылы жарактан чыккан деген себеп менен жеке тараптарга өтүп кеткен. Учурда санаторий кызуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кезде, аны кайра Чек ара кызматы алууну көздөп жатат.