Таластык бийчилер Кипр менен Түркиядагы фестивалга катышып келишти

turmush
Скачать
Просмотров: 141
 
Опубликовано 13 Сентября 2017, 12:41

Талас шаарындагы Балдарга билим берүү борборунун 2 ансамбли Кипр жана Түркияда өткөн бий фестивалына катышып келишти. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Чолпон Сарыгулова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 4-сентябрда башталган.

«Биринчи Кипрдагы Никосия шаарында кийин Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында улуттук 6 бий көрсөтүштү. Фестивалда ыраазычылык кат, дипломдор менен сыйланышты. Биз үчүн эсте каларлыгы Түркияда жашап, иштеген памирлик кыргыздар бизди тосуп алып Түркиядадагы маданий имараттарга саякат уюштуруп, сый тамак беришкени болду. Алар менен бирге Манас атабыздын жаңы коюлган айкелинин алдында «Манас» айтышып, комузда ойношту. 11-сентябрда Таласка кайтып келдик», - деди ал.