Дарыгерлер ийне, тыйын жуткан 27 баланы сактап калышты

turmush
Скачать
Просмотров: 535
 
Опубликовано 24 Июля 2017, 14:57

Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын 1 жаш 7 айлык тургуну 22-июлда кечке маал ойноп жаткан жеринен ийне жутуп алып, алгач жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бирок, дарыгерлердин ийнени алууга чамасы жетпей, Ош облустар аралык балдар оруканасына жөнөтүлгөн. Оштогу дарыгерлер баланын өмүрүн операциясыз сактап калышты.

Наристенин ашказанындагы ийнени алып чыккан хирург Тынчтыкбек Сулайманов Turmush басылмасынын кабарчысына баланы сактап калуу үчүн дарыгерлер кантип иштегенин айтып берди.
Толугу менен: http://www.turmush.kg/news:328567