Ак-Дөбө айылындагы гидротарандын ээси табылбай жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 125
 
Опубликовано 24 Июля 2017, 14:53

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары айылдагы каналда 7 жылдан бери иштебей жаткан гидротарандын ээсин таппай келишет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айылдык кеңештин депутаты Касымбек Байтерековдун билдирүүсүнө караганда, бул канал мурда 150-200 түтүндү суу менен камсыз кылуу үчүн курулуп иштеп келген. Эгемен алган жылдары токтоп калгандыктан АРИС программасы жана элдин салымы менен кайрадан иштей баштаган.
«2010-жылдары барабан токтоп калып, азыркы убакка чейин жатат. Биз бул гидротаранды иштетүү үчүн аракетти көрүп жатабыз. Бирок кимдин балансында экенин белгисиз болууда. Эгерде бул ал иштеп калса жогорудагы үйлөр үзгүлтүксүз суу менен камсыз болмок», - деди ал.