Баткен окуясына арналып тургузулуп жаткан эстелик июль айында бүткөрүлөт

turmush
Скачать
Просмотров: 73
 
Опубликовано 19 Июля 2017, 14:20

Баткен шаарында Баткен окуясына катышып курман болгондордун элесине арналып коюлган эстеликтин акчасын жетекчилер жеп коюп бүтпөй жатат деген маалыматты Баткен согушунун ардагерлер кенешинин төрагасы Мухамбет Асанов четке какты.
Анын айтымында, Баткен окуясынын катышуучуларына арналып курулуп жаткан эстеликтин жалпы сметалык баасы 900 миң сомду түзөт. Мэрия тарабынан 300 миң сом акча бөлүнүп берилген. Учурда Ош шаарынан эстелик катары танк алынып келинип коюлган. Бүгүнүкү күндө 700 миң сомдук курулуш иштери аткарылган.
Ал эми, уста акысы 100 миң сомдон ашат. Бирок акысы бериле элек. Баткен окуясында курман болгон 78 адамдын ысымдары мрамор жазылган такта Ош шаарында турат.