Нарындын көчөлөрүндөгү көлчүктөн жөө жүргүнчүлөр баса албай калышты, - тургундар

turmush
Скачать
Просмотров: 209
 
Опубликовано 17 Июля 2017, 14:40

Нарын шаарындагы Кулумбаев жана С.Орозбак көчөлөрүнүн кесилишине жамгырдан пайда болгон көлчүктөн жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалар өтө албай калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.
«Бул көлчүк баскан көчөдөн балдарыбыз мектепке, биз болсо жумушка  каттайбыз. Көчөдө быйыл эле көлчүк пайда боло калган жок. Көп жылдан бери эле ушундай көрүнүш болуп келе жатат. Суу агып кете турган арыктын жоктугунан көлчүктөр көп туруп калат», - деди тургундар.