Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткан баткендик мугалимдер кырсыкка кабылып жаракат алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 2546
 
Опубликовано 14 Июля 2017, 18:18

Баткендеги мугалимдер Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткан жеринен автокырсыкка учурашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Шааркан Тургунованын айтымында, 30-июнда 20 мугалим 4-5 унаа жалдап, Ысык-Көлгө сапарга чыгышкан. Түндөп жол жүрүп келе жаткан учурда Токтогул районунан унаалардын бири кырсыкка учурап, жолдогу темир тосмого уранган. Анын кесепетинен 4 мугалим катуу жаракат алган. Алар Токтогул районунун Үч-Терек ооруканасына кайрылышкан. Айдоочу да бир аз жаракат алып, унаа жараксыз абалга келген. Кырсыкка кабылбаган мугалимдер башка унаа менен Ысык-Көлгө кетишкен. Учурда жаракат алган мугалимдердин экөөсү Баткен облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда.
Ал эми, Шааркан Тургунованын өзүнүн оң колу катуу жаракат алган.