Ак-Талаа районунда Энелер күнү салтанаттуу белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 62
 
Опубликовано 24 Мая 2017, 16:38

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Энелер күнү салтанаттуу белгиленип, бир катар апаларга сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 24-май күнү райондук маданият үйүндө Энелер күнү белгиленип, анда район жетекчиси Семетей Черикбаев, Аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова жана аксакалдардан Бегаалы Бексултанов, маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова энелерди кызуу куттуктады.
Андан соң, райадминистрациянын Ардак грамотасы менен Мухара Бексопиева, Жыргал Райымбекова, Жибек Сапарбекова жана Чынаркүл Токтосунова сыйланышты.
Ал эми Нарын облусунун «Ардактуу айымы» наамы менен Сайрабүбү Сейитказиева, Жийдебүбү Бозалаева, Акбермет Султанбекова, Сананбүбү Сариева жана Жийдекан Садыкова апалар сыйланышса, ошондой эле Аялдар кеңешинин Ардак грамотасы Айнагүл Ологоева, Гүлнура Өмүралиева жана Сайкал Качыкеева сыйланышты.
Мындан тышкары, маданият бөлүмү тарабынан "Элдик насаатчы" төш белгиси менен Алый Малдыбаева, Букен Турдубекова, Кыргыз Республикасынын «Ардактуу айымы» наамы менен Ырыскүл Мааткеримова, Жыргал Карыбекова сыйанышты.
Майрамдык салтанат чоң концерттик программа менен коштолду.