Жалал-Абад облусуна караштуу Тайгараев айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрелинде саат 16:30да тоолордогу карлардын эришинен жана жааган жамгырдан Тайгараев айылынын Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу дарыянын сол жак жээгин жеп, Ынтымак айылына 700-800 метр аралык калып, коркунуч жаралган.