Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылына эл аралык уюмдун колдоосу менен кубаттуу техника алынып келингендигин айыл өкмөт башчысы Сьездбек Мыктыбеков аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысынын айтымында аталган кубаттуу техника (Погрузчик) Кытай өлкөсүнүн өндүрүшүнөн чыккан. Анда, «АРИС» уюмунун жайыттарды колдоо долбоорунун алкагында уюм тарабынан 1 млн 400 миң сом, ал эми элдик салымдан 600 миң сом, жалпы наркы 2 млн сомго бааланып алынып келинди. Техника жайлоого барчу жолдорду оңдоого жана айыл ичиндеги иштерге пайдаланылат.