Чүй облусунун Москва районуна караштуу 1-май айылында төрт кабаттуу үйдүн чатыры жабылууда. Бир канча жылдан бери зак баскан үйдө баш калкалап келген тургундардын какпаган эшиги калган эмес. Алардын бактысына Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүнүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев иш сапар менен барып маселени жеринде чечип берген. Азыр болсо төрт кабаттуу үйдүн чатыры толугу менен заманбап курулуш материалдарынын жардамы менен бүтүп жатат. Курулуштун жүрүшү менен кабарчыбыз таанышып келди.