СейдаКум айылынын жашоочулары эл өкүлү Мирлан Бакиров менен жолугуу үчүн айтылган убакта айыл өкмөттүн алдына топтолушту. Аларды көп күттүрбөй депутат да келип калды. Куру сөздү айтып элдин убактысын албайм деген депутат 4 жыл аралыгында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын жана Жогорку Кеңеште өзү демилге көтөрүп, аткарылган иштер туурасында элге маалымат берди. Элдин ачуу да таттуу да суроолорун угууга келгендигин айтып, тартынбай баарын ачык айкын айтууларын алгач эскертип өттү.