Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы спорт клуб ачылды. Күрөш, самбо бокс сыяктуу аскерий өнөрлөр менен бирге фитнес, боди-билдинг менен машыгуучуу шаймандар алынды. Заманбап спорт клубунун ачылышына Кербендин мектеп бүтүрүүчүлөрдүн салымы зор. Жаштардын бул демилгесин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы колдоого алып, өз тарабынан да жардам көрсөттү.