Баткен облусунун Кадамжай районунда борбордон 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Бирлешкен айыл өкмөтү бар.Бийик тоолуу регионго кирген айыл, деӊиз деӊгээлинен 2000 метр бийик жайгашып,кыш эрте түшүп,жаз кеч келет.Кыйын кырдаалда күн кечилип келген айылдын элине Өнүгүү Прогресс партиясы жаӊы спорттук комплекс ачып берди.